Жогорку Кеңеш: Акыйкатчы шайлоо процесси талаш-тартыш менен башталды

Жогорку Кеңеште КРнын Акыйкатчысын шайлоо процессинин уландысы талаш-тартыш менен башталды. Айрым депутаттар "бир гана талапкерге эмес, каалаган сандагы талапкерге добуш берүү керек" деп чыгышты. Буга башкалары "акыйкатчылык орун бирөө эле, депутаттар бир гана талапкерге добуш бериш керек" дешүүдө.  

Айта кетсек, акыйкатчы шайлоо боюнча ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, ЖКнын Регламент жана депутаттык этика боюнча комитети иштеп чыккан эреже боюнча бир гана бюллетень жасалып, ага бардык талапкерлердин ысымдары жазылмак жана эң көп добуш алган эки талапкер экинчи айлампага өтмөк. Өткөн аптада бул эрежени көпчүлүк депутаттар колдогон эмес. Бул маселе боюнча өткөн аптада депутаттык комиссия түзүлүп, ушул эле эрежеге токтолгон. Бүгүн жаңы комиссия түзүү сунушталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан