Ош облусунун аймагында акыркы суткада 4 өрт кырсыгы катталды. Өзгөн районунун Дөң-Булак айылында соода күркөсү жана жергиликтүү тургундун 100 чарчы метр жердеги чөбү өрттөнүп кетти. Ушул эле райондун Кремль айылында А.Манасовго таандык 120 метр сарайдын чатыры күйдү. Кара-Суу районунун Кең-Сай айылында О.Ташматовго таандык 24 чарчы метрлик мал сарайы өрттөндү. Ноокат районунун Жар-Коргон айылында К.Кудайбердиевге таандык 2 кабаттуу сарайдын 300 чарчы метр чатыры, 2000 боо чөбү күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери, келтирилген чыгымдар такталып жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.