Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова 2019-жылы иштеген өкмөт мүчөлөрүнүн канча пайызы бул жерде отурганын сурады.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков канча экенин санабаганын айтты.
Депутат 2019-жылы иштеген адамдар жок болгондуктан толук кандуу маалыматтар болбой жатканын билдирди. "Өткөн жылдын отчётун келерки жылдын биринчи жарымында карап жетише алабызбы? Техникалык жактан мүмкүнчүлүк барбы?" - деп сурады эл өкүлү.
Артём Новиков мүмкүнчүлүк боло турганын белгилеп, бирок текшерүү иштерине жетишпей калышы мүмкүн экенин билдирди.