Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында кримавторитет Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды. Ал 33 жаштагы Нурлан.Б. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Кармалган жаранды текшерүү учурунда жанынан 5 грамм гашиш табылды. Маалыматтар боюнча, Нурлан. Б. буга чейин бир нече ирет соттолуптур. Учурда анын башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги такталууда.