3-октябрда Бишкектин айрым жерлерине таза суу берүү токтотулат
Тийиштүү жабдууларды оңдоо иштерине байланыштуу, 3-октябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин шаардын айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат. Логвиненко, Фрунзе көчөлөрүндөгү, Манас проспектиси жана темир жолдун жээгиндеги үйлөрдө, Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда, Бишкек техникалык колледжинде, "Тез жардам" станциясында таза суу болбойт. Ошондой эле №1-стоматологиялык поликлиникага, Борбордук төрөт үйүнө, “Промпроект” ишканасына таза суу берүү чектелет.