Жогорку Кеңештин депутаттары акыйкатчыны шайлоо тартиби боюнча бир пикирге келише элек. Бардык фракциялардан өкүл кирген депутаттык комиссия иштеп чыккан эреже өткөн аптадагыдай болуп, бүгүн да колдоо тапкан жок. Көпчүлүк депутаттар "акыйкатчы болом деген бир нече адамга депутат добуш берүү керек дешүүдө". Комиссия сунуштаган жободо бир депутат бир гана талапкерге добуш бере алмак. Депутат Бөдөш Мамыров депутаттардын укугун чектөөгө аракет болуп жатканын айтып төраганы сындады. Ал эми буга кошулбаган Өмүрбек Текебаев комиссия шайлоонун жыйынтыгында ызы-чуу жаралбашы үчүн, добуштарды тез жана так эсептөөгө умтулуп жатканын айтты. Жыйынтыгында башка комиссия түзүү сунушу добушка коюлуп, колдоо тапты. Учурда жаңы комиссия шайлоо тартибин иштеп чыгуу менен алектенүүдө.