Ысык-Көл. 14 күндө облуста жол эрежесин бузган 1473 айдоочу кармалды
16-сентябрдан 30-сентябрга чейин Ысык-Көл
облусунда айдоочулардын жол эрежесин бузуусу боюнча рейд жүрдү. Облустук Жол-кайгуул кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Шыкмамат Бейшембиевдин айтымында, 14 сутка ичинде жол эрежелерин бузган 1473 айдоочу кармалды. Бул тууралуу ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов
билдирди. "Автоунаасы талапка жооп бербеген 23, мас
абалында рулга отурган 143, унаасын жогорку ылдамдыкта айдаган 330, документи жок 41, коопсуздук курун тагынбаган 120, жол белгилерин көзгө илбеген 63 айдоочу кармалды”,- дейт Усубакунов. Кармалган айдоочуларга тийиштүү чаралар көрүлдү.