"Куловдун Чехияда 4 миллион евро турган мейманканасы бар" деген маалымат боюнча Куловдун жообу

"Ар намыс" партиясынын лидери Феликс Куловдун чет жакта кымбат баалуу мейманканасы бар. Ал мейманкананын баасы 3-4 миллион евро турат. Мындай билдирүүнү социалдык тармактын Патриот Кыргыз аттуу колдонуучусу жазып чыкты.
Куловго тийиштүү делген мейманкана Чехиянын Карловы Вары шаарында жайгашканы айтылат.
"Феликс Куловдун Карловы Вары шаарында батири жана мейманканасы бар. Ал кыймылсыз мүлктү элдин эсебиндеги каражаттан сатып алган. Мен Чехияда жашаган кыргызмын. Чехтер арасында Карловы Вары шаары Ивановка деп аталат. Бул жактан коррупцияга аралашкан КМШнын аткаминерлери кыймылсыз мүлк сатып алат. 2007-жылы Феликс Кулов өкмөт башчылыктан кеткенде Карловы Вары шаарында эс ала баштаган. Ал бул жакта эс алуу Ысык-Көлгө караганда арзан деп айтканы бар. Ал эми Чехиянын Юстиция министрлигинин сайтында Куловдун жубайы Moskevskaja124-19, prospekt Chui 52-54 дареги боюнча кыймылсыз мүлккө ээ экени аныктаган" , - деп жазылат маалыматта.
Патриот Кыргыздын билдирүүсүнө карата Феликс Кулов көп күттүрбөстөн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жооп берген.
"Мындай учурларда эл арасында "Болсун!" деп айтышат. Качандыр бир кезде мен дагы мындай престиждүү мүлккө ээ болуп калам деп үмүттөнөм. Ал эми азыркы тапта каалоочулар арасында кайрымдуулук акциясын өткөрүүнү чечтим. Менин атыман документ даярдап, өз наамына өткөрүп алууну каалагандар болсо, дароо кол коюп берем. Ал эми батир тууралуу айта кетсем. Анын баасы Бишкектеги батирдин баасынан төмөн. Ал менин экинчи аялым жана анын сиңдиси экөө тарабынан сатылып алынган. Алар жеке ишкерлик менен 20 жылдан ашуун алектенишет. Экинчи жубайым мени менен таанышканга чейин эле "Ар намыс" партиясынын мүчөсү болгон. Жубайым эч качан мамлекеттик жумушта иштеген эмес" , - деп жазылат Куловдун билдирүүсүндө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан