Жогорку Кеңеш экономикалык мунапыс тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды

Бүгүн, 23-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Экономикалык амнистия маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоору каралды.

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Гүлшат Асылбаева коронавирус инфекциясы (COVID-19) жайылган шартта түрмөлөрдө жана тергөө изоляторлорунда кармалган адамдарга карата гумандуу мамиле кылуу үчүн даярдалганын белгиледи.

"Көпчүлүк социалдык изилдөөлөр ырастагандай, камак жайларындагы бөтөнчө субмаданият адамдардын аң-сезимине терс таасирин тийгизип, соттолгон адамды түзөтүү жагынан иш жүзүндө натыйжа бербей, тескерисинче, алардын социалдык коомдо стигматизацияланышына алып келет. Ушуга байланыштуу сунушталган ченемдер күнөөсүн моюнуна алган жана келтирилген зыяндын ордун өз ыктыяры менен толтурган адамга коомдон обочолотпоо мүмкүнчүлүгүн түзүүгө багытталган", - деди Асылбаева.

Депутат Улугбек Ормонов мурда кабыл алынган мүлктү адалдоо өнөктүктөрүндө өз ыктыяры менен декларация тапшыргандарга токтолуп, аларга бул мыйзамда кандай кепилдиктер каралганына кызыкты.

Гүлшат Асылбаева мүлкүн ыктыярдуу адалдаштырган ишкерлерге карата текшерүү жүргүзүлбөй тургандыгын, эгер тиешелүү кызматтар тарабынан текшерүү башталган күндө да декларацияланган документтер көргөзүлөр менен ишти кароо токтотуларын айтты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан