Нарын. Облустук драма театр жаңы сезонун Бексултан Жакиевдин “Баян” драмасы менен ачты

1-октябрда Нарын музыкалык академиялык драма театры жаңы сезонун ачты. Сезондун ачылышы Эл аралык карылар күнүнө туш болгондуктан Бексултан Жакиевдин “Баян” драмасы көрармандарга тартууланды. Чыгармада балдар өз ата-энелерине кайрымсыз болушуп, карыганда аларды карылар үйүнө өткөрүп салгандыктары тууралуу коомчулуктун трагедиясы чагылдырылат. Октябрь айынын аягына чейин 3-октябрда Татьяна Якубдун “Селим жана Ханыша”, 10-октябрда Михаил Булгаковдун “Кем акыл Журден”, 15-октябрда Акелең Кускаковдун “Доор аяны”, 24-октябрда К. Зарлыкованын “Сүйүү арманы”, 31-октябрда А. Чекировдун “Кызыл профессор” спектакльдери көрүүчүлөргө тартууланмакчы. Ал эми күзгү сезонду жыйынтыктап, 2-ноябрда Нарын театрынын артисттери тарабынан уюштурулган концерттик программа болот.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tengara
2013-10-02 18:15:03
Narynda bolsom menda barbait belem apamdy eerchitip alyp.Alga Naryn waarym...bat battan spektakl oiun zook bolup Naryn dram teatry iwtep tursun.iigilik
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан