Португалиялык белгилүү футболчу Криштиану Роналдунун жубайы Жоржина Родригес өзбек чапан кийип түшкөн сүрөтүн Инстаграмдагы баракчасына жарыялап, "Казакстанда тигилген" деп жазган. Анын бул билдирүүсү интернет колдонуучулар арасында талкууга алынган.
Кийинчерээк, Жоржина Родригес билдирүүгө оңдоо киргизип, чапан Өзбекстанда тигилгенин белгилеген. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары футболчунун жубайы өлкөлөрдүн аталышын алмаштырып алган дешсе, айрымдары билбестик деп кабыл алышканын жазышкан.