"Мамлекетибиздин эң чоң улуттук байлыгы - бул биздин билимдүү жаштар",- деп баса белгиледи президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 27-декабрда, балдарга арналган жаңы жылдык иш-чарада.
Иш-чарада сүйлөгөн куттуктоо сөзүндө, мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу өтүп бараткан жылда дүйнө жүзүндө коронавирус илдетинен көптөгөн мамлекеттер жабыркап, Кыргыз өлкөсүндө да бул оору көптөгөн көйгөйлөрдү, анын ичинде билим берүү жаатында бир топ түйшүктөрдү жаратканын белгиледи.
"Бирок силер бардык кыйынчылыктарга карабастан заманбап технологиялар менен жаңы программаларды өздөштүрүп, замандын арышынан артта калбай окуп жатканыңыздар мени абдан кубандырат. Дүйнө жүзүндө эң кымбат нерсе - бул билим. Ар бир адам өмүрү өткөнчө билим алууга аракет кылат. Ошондуктан урматтуу балдарыбыз, урматтуу жаштарыбыз, биз силердин келечекте ыймандуу, адептүү балдар болуп өсүшүңөрдү тилейбиз. Келечек жаштардыкы. Эртең силер мамлекеттин ээси болосуңар. Бирок ал үчүн көп эмгек кылып, көп билим алышыңар керек. Жаңы жылда жаңы кыялдар менен гана чектелбестен, ошол кыялдарга жетүүгө бардык аракетиңерди жумшагыла", - деп айтты Талант Мамытов.
Президенттин милдетин аткаруучу келе жаткан Жаңы жылда Кыргыз мамлекетинин балдары мектеп программаларын өздөштүрүп, көңүлдөрүнө жаккан китептерди көп окуп, кыйышпас досторду таап, татыктуу билим аларына тилектештигин билдирди.
"Өмүрүңөр узун болсун, келечегиңер кең болсун. Жаңы жылда көптөгөн жетишкендиктер болсун, мамлекетибиз өнүгүп-өсүп, жамандыктар эски жыл менен калып, жаңы жылда жаңы ийгиликтер коштосун. Силерди келе жаткан жаңы 2021-жылыңар менен чын дилимден куттуктайм", - деди Мамытов.
Бул жылы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен балдарга арналган Жаңы жылдык иш-чара онлайн-форматта өттү. Концерт КТРКнын түз эфиринде көрсөтүлдү.