АКШнын Теннесси штатында жарылуу болуп, 20дай имарат кыйрады

АКШнын Теннесси штатында жарылуу болуп, 3 киши жаракат алды. Мындан тышкары 20дай имарат кыйрады. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, жарылуу аталган штаттын Нэшвилла аймагында эртең менен орун алды.

Белгилүү болгондой, жарылуучу зат унаанын ичине коюлган. Жарылуунун кесепетинен 3 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алса, бир канча имараттар кыйраган. Учурда бул окуя федералдык тергөө бюросу тарабынан тергелип баштады.

Ал эми штаттын губернатору Билл Ли жарылуу атайын жасалган деп баамдоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazira...
2020-12-27 17:55:31
20 здания кыйраса бир да өлүм болбоптурбу. Билгендей чыгып кетишкенсип, конечно болбосун го. Кудай сактасын кыргыз элин.
+4
Almaz-pazilbaiuulu
2020-12-28 01:37:38
Втсап группадан урдургандыр да бүгүн саат мынчада жарылуу болот үйлөрүңөрдөн чыгып тургула деп
Террористер дагын акылына кирип калган го адам өлбөйтурган жарылуу кылып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан