"Тиркемени жаңылоо зарыл". Жаңы жылдан тарта WhatsApp мессенжери айрым смартфондордо иштебей калышы ыктымал

2021-жылдын январь айынан тарта WhatsApp мессенжери айрым смартфондордо иштебей калышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, колдонуучулар iOS 9 же Android 4.0.3 операциялык системдерин жаңы жылга чейин жаңылабаса тиркеме иштебей калат. Бул биринчи учурда iPhone 4 жана башка мурдагы моделдеги аппараттарга тийиштүү.

"iPhone 4S, iPhone 5, iPhone 5S, iPhone 5C, iPhone 6 же iPhone 6S смартфондорунда WhatsApp кайра иштеши үчүн iOS 9 программалык камсыздоосун жаңылоо зарыл.

Мындан сырткары керектүү маалыматтарды жоготуп албаш үчүн жазышкан каттардын резервдик копиясын жасап коюу сунушталды", - деп жазылат маалыматта.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tavanova.sarah
2020-12-28 12:50:34
Самсунг J2 прайм дагы иштебей калабы ошондо?
+1
Adi010891
2020-12-28 16:42:05
Редми 7 де иштейт бекен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан