2020-жыл кыргыз саясатына чоң өзгөрүүлөрдү алып келген жыл болду. Октябрь айынын башында орун алган толкундоолор өлкөнүн аткаминерлерин дээрлик түп тамыры менен алмашуусуна түрткү болду. SUPER.KG порталы 2021-жылга кирер алдында кыргыз саясатындагы кадрдык алмашууларды тизмектеди. Узап бара жаткан жылда кызматтык дайындоолор абдан көп болгондуктан министрлерге гана токтолууну туура көрдүк.
Ушул жылдын июнь айында Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министр кызматынан кетип, анын ордуна Кубатбек Боронов келген. Октябрь окуяларында Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка келди. Ал президенттик шайлоого аттанып жаткандыктан бул кызматты убактылуу токтотуп, учурда премьер-министрдин милдетин Артём Новиков аткарып жатат.
Тышкы иштер министрлиги
2018-жылдан бери Тышкы иштер министрлигин жетектеп келген Чыңгыз Айдарбеков бул жылы кызматын Руслан Казакбаевге өткөрүп берди. Тактап айтканда, 2010-жылдан 2012-жылга чейин аталган министрликти башкарган Казакбаев бул жылы Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн курамына кирип, кайрадан тышкы иштер министри болуп дайындалды. Министрликтеги 3 айга жакын убакыттын ичинде Казакбаев бир нече өлкөгө иш сапарына барганы менен көпчүлүктүн эсинде калды. Мындан сырткары ал өлкөдөгү бир топ элчилер менен жолугушуп, мамлекеттин тышкы саясаты мындан ары кандай уланары тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.
Ал эми мурдагы министр Чыңгыз Айдарбеков октябрь айынын аяк ченинде президенттин стратегиялык тышкы саясат жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалган. Бирок 10 күндөн кийин өз арызын жазып, кызматын тапшырып берген.
Ички иштер министрлиги
Садыр Жапаров тарабынан сунушталып, Жогорку Кеңеш тарабынан колдоого алынган өкмөттүн курамына Улан Ниязбеков дагы кирди. Ал Кашкар Жунушалиевдин ордуна ички иштер министри болуп дайындалды. Көп өтпөй мурдагы министр Жунушалиев издөөгө алынганын Садыр Жапаров Баткендеги эл менен жолугушууда айткан. Ал эми башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүнкү күндө анын кайда экени белгисиз, чет өлкөгө чыгып кеткени тууралуу да маалымат жок экенин айтып, тергөөгө чакырылып, бирок келбегенин билдирген.
Кыргыз улуттук университетинен юридикалык билим алган Улан Ниязбеков бир топ жыл Каржы полициясында эмгектенген. Андан кийин ИИМдин финансы-чарба башкармалыгынын жетекчиси, ички иштер министринин орун басары кызматтарын аркалаганга жетишкен Ниязбеков министр болгонго чейин ИИМдин 7-башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп турган.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги 21-октябрда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында жактырылды. Агрардык сектор тармагындагы ийгиликтүү ишкер катары эл оозуна алынган Токтогазиев, "Ата-Мекен" партиясынын курамында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. Октябрь айындагы нааразычылык акцияларына активдүү катышып, өзүн премьер-министрлик кызматка сунуштаган.
Айыл-чарба министрлигин Токтогазиевге чейин Эркинбек Чодуев жетектеп турган. Ал бул кызматка 2019-жылы дайындалган.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин октябрь окуяларына чейин Улукбек Кочкоров жетектеп келген. Президенттик аппараттын маалыматына ылайык, 27-ноябрда Кочкоров өз арызынын негизинде кызматынан алынып, анын ордуна мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилованын талапкерлиги көрсөтүлгөн. Бирок Исмаилова депутаттар тарабынан сындалып, Жогорку Кеңештин элегинен өтпөй калган. Жыйынтыгында аталган министрликтин башына 25-ноябрда Ализа Солтонбекованын талапкерлиги жактырылган.
Солтонбекова ага чейин социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматын аркалап келген.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
Маданият, маалымат жана туризм министрлигин учурда Нуржигит Кадырбеков башкарып келүүдө. Ал бул кызматка премьер-министр Садыр Жапаровдун атайын буйругу менен 14-октябрда дайындалган. Нуржигит Кадырбеков парламенттик шайлоого "Ыйман Нуру" партиясын жетектеп барган.
Ал эми мурдагы министр Азамат Жамангулов учурда эмне менен алектенип жатканы белгисиз.
Саламаттыкты сактоо министрлиги
Бул жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги бир нече жолу алмашууларга дуушар болду. 1-апрель күнү президент Сооронбай Жээнбеков жарандардын коронавирус жугузуп алганы өз маалында аныкталган эмес деген жүйө менен министр Космосбек Чолпонбаевди кызматынан алган. Кийинчерээк ага кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Чолпонбаевдин ордуна дайындалган Сабиржан Абдикаримов октябрь айында кайра түзүлгөн жаңы өкмөттүн курамына кирген жок. Учурда аталган министрликти Алымкадыр Бейшеналиев жетектеп жатат.
Билим берүү министрлиги
Садыр Жапаров түзгөн өкмөттүн курамында билим берүү министринин орду 39 жаштагы Алмазбек Бейшеналиевге буюрду. Министр Кыргыз өлкөсү менен Пакистан мамлекетинин бизнес-форумунда Тилек Токтогазиев жана Нуржигит Кадырбеков менен биргеликте англис тилинде сүйлөгөндүгү коомчулуктун алкоосуна татыган.
Бейшеналиевге чейин билим берүү тармагын 2019-жылдан бери Каныбек Исаков башкарып келген. Ал 12-ноябрь күнү пневмония дартынан улам каза болгон.