Баренц деңизине бортунда 19 кишиси бар кеме чөгүп кетти

Орусиянын Баренц деңизине бортунда 19 кишиси бар кеме чөгүп кетти. Бул туурасында орусиялык басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, кырсык 28-декабрда Жаңы Жер аймагында болгон. Анда "Онега" кемеси 19 кишиси менен чөгүп кетип, алардын экөөсүн башка кемедеги балыкчылар куткарып калышкан. Бир кишинин жансыз денеси кийин деңизден табылып, ал эми 16 киши дайынсыз болуп жаткандыгы айтылат.

Учурда алар куткаруу кызматынын кызматкерлери тарабынан изделип жаткандыгы маалым болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, алардын аман калуусу мүмкүн эмес.

"Онега" кемеси 1979-жылы Норвегияда жасалган. Мурманск портунда расмий каттоодо турган. Марин Трафик маалымдагандай, кеме Норвегиянын Киркинес портунда 14-декабрда жолго чыккан. Анын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү Орусиянын жарандары болгондугу айтылууда.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан