Президенттик шайлоо: Административдик ресурстун колдонулушу боюнча тергөө иштери башталды

БШКнын ыкчам иш-аракетинин координациялык жумушчу тобуна Орусияда жашаган Кыргыз жараны Бектур Жумабековдон арыз келип түшкөн.

Бул тууралуу SUPER.KG порталына БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда административдик ресурстун колдонулушу боюнча тергөө иштери башталды.

"2020-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам жооп кайтаруу боюнча координациялык тобуна Бектур Жумабеков аттуу жарандан билдирүү келип түшкөн. Анда ал Москвадагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигине катталып жатып, дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкери ага Садыр Жапаровго добуш бересизби деп сурагандыгын маалымдаган. Анын пикиринде, бул административдик ресурсту колдонуу болуп эсептелинет. Маалымат боюнча материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлүп, тергөө иштери башталды", - дешти мекемеден.

Административдик ресурстарды колдонгону үчүн мамлекеттик кызматкерлерге айып пул салынат жана шайлоого катышып жаткан талапкер жарыштан четтетилет.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан