Хабиб Нурмагомедов UFC'нин чемпиондук курун ута ала турган мушкерлерди атады

Атактуу орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC уюмунун чемпиондук курун ута ала турган мушкерлерди атады. Бул тууралуу ал орусиялык телеканалдардын биринде берген маегинде айткан.

Ал маек берип жатып, күчтүү спортчулар деп ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду, америкалык мушкер Дастин Порьени жана жакын досу Ислам Махачевди атаган.

Мушкерге "Курду утуу үчүн кимдин мүмкүнчүлүгү көп?" деген суроого "Конор менен Дастин жупуну жеңүүчүлөр. Алар кур үчүн күрөшөт деп ойлойм", - деп жооп берген.

24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан