Кытайда Ухань вирусу тууралуу репортаж жасаган журналист соттолду

Кытайдын Ухань шаарында коронавирус жайылып жатканы тууралуу видеотасмаларды жарыялаган жарандык журналист Чжан Чжань төрт жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Анын жактоочусунун айтымында, Шанхайдагы сот журналистти "жаңжал чыгаруу үчүн чагымчылык кылууга" күнөөлүү деп тапкан. Өкүмдө Чжань коронавируска байланышкан шаардагы башаламандык жөнүндө билдирүү таратуу менен элди дүрбөлөңгө түшүргөнү жазылган.

Маалыматка ылайык, аталган жарандык журналист ушул жылдын май айында камакка алынып, 28-декабрда сот өкүм чыгарды.

"Жактоочу журналисттин саламаттыгы начарлап жатканын, ал июнда ачкачылык жарыялап, бирок түтүк аркылуу мажбурлап тамактандырылганын кошумчалады. Анын айтымында, Чжань өткөн жумада катаал өкүм чыкса, кайра ачкачылык жарыялай турганын билдирген.

Чжан Чжань 37 жашта. Анын февралда жарыялаган видеотасмалары интернетке кеңири жайылып кеткен. Аларда коронавирус аныкталгандан кийинки алгачкы күндөрдөгү бейтаптарга толгон шаардын ооруканаларынын, табыт батпай калган өлүкканалардын абалы тартылган", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кытай буга чейин вирус аныкталгандан кийинки аракеттери жана маалыматтарды жашыргандыгы үчүн дүйнө коомчулугунун сынына кабылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2020-12-29 14:30:39
Ой бечара кыз, мынча жаман калк кытайлар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан