АКШнын жаңы администрациясы ишин Дональд Трамптын өлкөнүн түштүк чек арасында мигранттарга каршы киргизген чектөөлөрүн алуу менен баштайт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жаңы шайланган башчысы Жо Байдендин билдиргенине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Өлкөнүн түштүк тарабындагы чек арада Трамптын администрациясы түзүп кеткен катастрофалык абалды жөнгө салуу үчүн кандай кадамдарга барышыбыз керектигин айтышты. Биз Трамптын чектөөлөрүн алыш үчүн биринчи күндөн тарта жоопкерчиликтүү, максаттуу иштеп баштайбыз", - деп билдирген Байден.
Анын айтымында, пандемия шартында кризис жаратпастан АКШдан баш паанек издеп жаткандарга жумуш табуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүп берүү зарыл.
Белгилей кетсек, буга чейин мурунку башчы Трамп өлкөгө кирүү үчүн эрежени татаалдаштырган. Ошондой эле АКШнын аймагына мыйзамсыз киргендердин агымын азайтуу үчүн Мексика менен чектешкен жердин бир топ бөлүгүнө дубал орнотулган.