Япония дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн жарандарына виза берүүнү токтотту

Япония дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн жарандарына өлкөгө кирүү визаларын берүүнү токтотконун жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Япониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга 28-декабрь күнү расмий түрдө коронавирустун жаңы түрүнүн пайда болушуна байланыштуу калктын коопсуздугун коргоо боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн жарандарына кирүү визаларын берүүнү токтотконун билдирген. Мындай чаралар келерки жылдын январь айынын аягына чейин күчүндө болот.

"Бул учурда узак мөөнөттүү визасы бар чет өлкөлүк жарандар гана өлкөгө кире алышат.
Алар аэропорттон да текшерүүдөн өтүшүп, 72 сааттын ичинде чек ара бекетинде COVID-19га тапшырган анализдин жыйынтыгы терс болгонун тастыктаган документерди толтурушат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан