Орусиянын Москва шаарында кар тазалагыч болуп иштеген Кыргыз жараны кырсыктан улам каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 28-декабрда саат 20:30дар чамасында болгон.
"31 жаштагы Кыргыз жараны Вражский-2 тилкесиндеги үйлөрдүн чатырынын карын тазалап жатып, кокусунан кулап түшкөн. Ал алган жаракатынан улам ошол жерде көз жумган", - деп жазылат маалыматта.