АКШнын Миннеаполис штатында эже-сиңди бир учурда кош бойлуу болуп, бир күндө чогуу төрөштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, Эшли жана Бриттани Каррут кош бойлуу экендигин апрель айында COVID-19 пандемиясына байланыштуу чектөөлөр киргизиле баштаганда билишкен. "Баары тамашалап жатышты, силер социалдык аралыкты начар сактаптырсыңар", - деп эскеришкен алар.
"Алардын декабрь айында төрөөрү күтүлүп жаткан. Ооруканада алар коңшу палаталарга жаткырылды. Мен нөөмөттө турган медайымдын постунан өтүп барсам, ошол жерден коридордун ары жагынан алардын сүйлөшүүсү угулуп турду", - деп билдирген Эшли айымдын күйөөсү.
Маалыматка караганда, эже-сиңдилердин бири биринчи төрөдү, экинчиси 90 мүнөттөн кийин төрөгөн. Жаңы төрөлгөн бөлөлөргө Кассиус Жон жана Зандер Пол деген ысымдар ыйгарылды.