Дүйнөдөгү эң чоң бала аталган Кабардин-Балкар Республикасынын жараны Жамболот Хатохов 21 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Балбан баланын эмнеден улам көз жумгандыгы тууралуу так маалымат жок.


Хатохов 2003-жылы "Гиннесстин рекорддор китебине" дүйнөдөгү эң чоң бала иретинде катталган. Анын салмагы бир жашында 17 килограммга жетип, 1-классында 115 килограмм салмакта болгон.

Он жети жашында 230 килограммга жетип, бир жылдан соң 50 килограммдан ашуун салмак таштап, 18 жашында ал 176 килограмм болгон.