Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Аданом Гебрейесус 2021-жылы дүйнө жүзү коронавируска байланыштуу көйгөйлөргө туш болорун Женева шаарында өткөн маалымат жыйынында айткан.
Анын айтымында, келерки жылы жаңы көйгөйлөр күтүлүүдө. Мисалы COVID-19дун жаңы түрлөрүнүн катталышы. Мындан тышкары, Гебрейесус эмдиги жылы пандемиядан чарчаган адамдарга жардам көрсөтүү керектигин белгилеген.
Өз кезегинде ДССУнун башчысы дүйнө өлкөлөрүн эпидемиологиялык маалымат менен алмашууга чакырды.
Буга чейин Улуу Британиянын бийлиги өлкөдө аныкталган коронавирустун жаңы түрү демейдегиден 70 пайызга көп жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, калктан андан этият болууну талап кылган.