Орусиянын борбору Москва шаарында Кыргыз жараны чатырдан кар тазалап жатып кулап кетип каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 28-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:30 чамасында болгон. Анда 31 жаштагы Кыргыз жараны Вражский көчөсүндөгү үйдүн чатырын кардан тазалап жатып кулап кеткен.
Кыргыз жараны алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.