Түркмөн башы мыя өсүмдүгүнүн тамыры коронавируска дары болушу мүмкүн экенин айтты

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедов мыя тамыры коронавирус менен күрөшүүдө натыйжалуу дары болушу мүмкүндүгүн айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, түркмөн башы 25-декабрда өткөн өкмөттүн отурумунда мыя тамырынын артыкчылыктары тууралуу айтып берген. Ошондой эле мыя тамыры медицинада жана элдик медицинада илгертен бери ички ооруларды, жөтөлдү, бөйрөктү, дем алуу органдарын жана он эки эли ичегинин жараларын дарылоодо колдонулуп келгендигин кошумчалаган.

Бердимухамедов Түркмөнстандын аймагында мыя өсүмдүгүнүн төрт түрү өсө тургандыгын баса белгилеп, өлкөнүн Илимдер академиясына мыянын башка пайдалуу касиеттерин кылдаттык менен изилдөөнү тапшырган.

Аталган өлкөдө коронавирус белгилери менен ооруган адамдардын көптүгүнө жана мурда болуп көрбөгөндөй каза болгондордун саны арбын болуп жаткандыгына карабай, Түркмөн бийлиги өз аймагында COVID-19 жуккандыгын тастыктай электиги айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан