Көмүрдү азайтсак эле аба тазарат. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйын учурунда билдирди.
Айтымында, ал Бишкектеги ишкананын баарын газга өткөрөт.
"Анын ичинен абаны булгаган унааларды газга өткөрөбүз. Бишкекке газ менен иштеген коомдук унааларды алып келе жатам. Кара-Кеченин көмүрүн шаарга киргизбей коюуну пландап жатабыз. Анткени ал бышпаган чийки көмүр экен", - деди Түлөбаев.