Экс-президент Сооронбай Жээнбековду жана анын иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековду жоопкерчиликке тартууну талап кылган арыз Башкы прокуратурага келип түштү. Маалыматты SUPER.KG порталына аталган мекеменин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Белгилүү болгондой, арызды Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдилат Капаров президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин атына жазган.
"Арыз кечээ, 29-декабрда келип түштү. Анда мурдагы президент менен инисинин мүлктөрүн камакка алуу, аларды өлкөдөн чыгуусуна тыюу салуу жана Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу талабы коюлган. Арыз мыйзамда белгиленгендей 14 жумушчу күндүн ичинде каралат", - деди басма сөз катчы.