Кечээ, 29-декабрда Беларустун Минск шаарындагы Эгемендүүлүк сарайында жаштар үчүн салтка айланган Жаңы жылдык бал болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, өлкө президенти Александр Лукашенко иш-чараны ачып, андан соң салтанаттын катышуучуларынын бири менен вальс бийин бийлеген.
Маалыматка караганда, майрамдык иш-чарага жалпы 314 балдар жана кыздар чакырылган. Алардын арасында жогорку окуу жайдын студенттери, ошондой эле президенттик стипендиянын ээлери жана орто билим берүү тармагында билим алгандар, ар кандай сынактардын жеңүүчүлөрү жана олимпиада, конференциялардын катышуучулары бар.