Германияда коронавируска каршы вакцина менен 5 эсе көп дозада эмделгендердин төртөө ооруканага жаткырылды

Германияда карыялар үйүнүн дарыгерлери кетирген катачылыктан коронавируска каршы вакцина менен 5 эсе көп дозада эмделген карыялардын төртөө ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, Германиянын Штралзунд шаарындагы карыялар үйүндө 7 аял, бир эркек киши коронавируска каршы вакцинасы менен туура эмес дозада эмделген. Мындан кийин аларда коркунучтуу абалдар байкалган эмес. Бирок ага карабай коопсуздук үчүн алардын төртөөсү ооруканага жаткырылды.

Европада коронавируска каршы эмдөө 27-декабрда башталганы жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан