АКШнын Флорида штатында балыкчы дээрлик 34 килограмм баңгизатын деңиздин жээгинен таап алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, балыкчы Шугалуф-Кей аралынын жээгинде балык уулап жатып, 24 чакырым алыстан суу өткөрбөгөн баштыктын деңизде калкып жүргөнүн көргөн. Ал оролгон баштыкты ачып көргөндөн кийин дароо полиция кызматкерлерин чакырган.
Келген полиция кызматкерлери табылган баңгизатын кайыкка жүктөп, чек ара көзөмөл кызматына өткөрүп беришкен. Баңги затынын деңизде кантип пайда болуп калгандыгы азырынча белгисиз.