АКШлык актриса жана ырчы Женнифер Лопес чачын сыя көк түскө боёп, күйөрмандарын таң калтырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жылдыздын сүрөтүн стилист Крис Эпплтон өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган. Сүрөттө 51 жаштагы атактуунун жаңы келбети күмүш түстөгү көйнөк менен чагылдырылганын көрүүгө болот.
"Маалыматтарга караганда, Лопес "In the morning" аттуу ырына жаңы клип тартуу үчүн имиджин убактылуу өзгөрткөн. Кыязы жаңы клипте Лопес Феянын ролун ойнойт", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган пост дээрлик 50 миңден ашык "жакты" белгисин топтоп, аткаруучунун күйөрмандарын таң калтырган.
"Мен аны ар дайым түстүү чачтар менен көргүм келчү", "Диснеянын феясы болуп калыптыр", "Кандай жапжаш" деген өңдүү миңдеген ой пикирлер жааган.