Сауд Арабиясынан өкмөттүк делегациясы учак менен келген учурда, Йемендин түштүгүндөгү Аден шаарындагы аэропорттун учуп келгендер залында катуу жарылуу болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жарылуу бүгүн, 30-декабрда болгон. Сауд Арабиясынын министрлери отурган учак аэропортко конгондо катуу жарылуу орун алган. Жарылуу орун алган учурда министрлер учактан түшө элек болчу. Ал эми, жарылуудан кеминде 5 адам каза болгону кабарланды.
Учурда Сауд Арабиясынан келген министрлердин бардыгы Аден шаарындагы өкмөттүк сарайга жеткирилди.