Вашингтон Университетинин Окумуштуулар тобу курт-кумурскалар үчүн рюкзак түрүндөгү кичинекей gopro сыяктуу камера иштеп чыгышты. Кубатты үнөмдөө үчүн ага атайын функция орнотулган, ал жандык кыймылдай баштаганда гана жазууну иштетет. Сүрөт смартфондон Bluetooth аркылуу башкарылат. Мындай камера окумуштууларга курт-кумурскалар табигый чөйрөдө кандайча кыймылдап, жаратылыштагы коркунучтарга кандай жооп кайтарары жөнүндө жаңы түшүнүктөрдү бере алат.
Американын окумуштуулары ыргытылган желим бөтөлкөлөрдөн саркеч көйнөктөрдү иштеп чыгара баштады. Ага так жукпайт, үстүңүзгө суу төгүлсө да ага сиңбейт. Бир кийимди чыгаруу үчүн 16 кайра иштетилген бөтөлкө талап кылынат. Ошентип, ойлоп табуучулар жыл сайын көбөйүп жаткан океандын пластикалар менен булганышына каршы күрөшүүдө.
Өзунө көп функцияны камтыган Timekettle M2 кулакчыны. Аны менен музыка угуп, чалууларды кабыл алгандан сырткары 40 тилди которуп бере алат. Кызыгы, ал интернет жок жерде деле иштей берет. Атайын ичине орнотулган программа аркылуу сүйлөгөн сөздөрдү угуп, аны керектүү тилге которот. Жалпысынан котормочу 40 дүйнө тилин жана 93 акцентти тааныйт.