Бүгүн, 30-декабрда КТРКда президенттикке талапкерлердин дебаты өтүүдө. Ага Абдил Сегизбаев, Равшан Жээнбеков, Улукбек Кочкоров, Курсан Асанов, Жеңишбек Байгуттиев жана Бабыржан Төлбаев катышууда. Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына дайындалган. Учурда үгүт иштери жүрүп жатат.
Ушуну менен президенттикке талапкерлердин кезектеги теледебаты жыйынтыкталды.
Абдил Сегизбаев: "Баарыбыз биригип көйгөйлөр менен күрөшүүбүз керек. 10-январда балдарыбызга эффективдүү, таза коомду калтырып кетели", - дейт.
Улукбек Кочкоров: "Менин "Кут" аттуу программаны ишке ашыруу үчүн мага добуш бериңиздер", - деди.
Жеңишбек Байгуттиев: "Мени президент кылып шайлап алсаңыздар туруктуулукка, экономиканын өнүгүшүнө күбө болосуздар", - дейт.
Равшан Жээнбеков: "Бизге реформа кылуу зарыл. Биз сөз эркиндигин сактап кала алдык. Бул биздин ийгиликтерибиз. Заманбап өлкөнү чогуу курабыз", - деди.
Курсан Асанов: "Мамлекетибиз туңгуюкка келгенде оор күндөрдү бирге өткөргөнбүз. Криминал жок болуп, темирдей тартип орнойт", - дейт.
Бабыржан Төлбаев: "Ар бир Кыргыз жаранынын конституциялык укугу корголот", - деди.
Курсан Асанов кадрдык саясатка өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты. "Ата мекендик ишкерлердин, инвесторлордун коопсуздугун камсыздоо керек", - деди.
Улукбек Кочкоров айлык-маяналарды көтөрө турганын белгиледи.
Абдил Сегизбаев экономикалык өнүгүү болуу үчүн өлкөдө туруктуулук болушу шарт экенине токтолду.
Бабыржан Төлбаев талапкерлерге экономиканы өнүктүрүү үчүн ишти эмнеден баштайсыңар деген суроо берди.
Курсан Асанов: "Менин программам экономиканын башаты. Акыйкат, мыйзамдуулук башкаруудан баштайм", - дейт.
Равшан Жээнбеков: "Келген президенттин баарысы экономиканы өнүктүрөбүз деп айтышат. Бирок президенттер кеткенден кийин карасак, талкаланып калат", - деди.
Абдил Сегизбаев: "Биз сырттан акча алып келишибиз керек. Каражат бизге Кумтөрдөн жана мигранттардан келип жатат. Мамлекет тарабынан мигранттарга шарт жок болуп жатат", - деди.
Улукбек Кочкоров ишкерлерди колдоо зарыл экенине токтолду.
Жеңишбек Байгуттиев кептин баары кадр саясатында экенин айтты. Жакшы президент келгенде инвестиция дагы табыла турганын белгиледи.
Равшан Жээнбеков ишкерлерди колдоо керектигин белгиледи. "Мэр, айылдын башчылары эл тарабынан шайласак ишкерлик өнүгөт", - деди ал.
Курсан Асанов: "Бүгүнкү күнү ата мекендик өндүрүштөрдү колдой албай жатабыз. Малды экспорттоого уруксат берилбей жатат. Биринчи кезекте темирдей тартипти орнотушубуз керек. Ишкерлерди колдошубуз шарт", - деди.
Талапкерлерге экономиканы кантип өнүктүрүү керек деген суроо берилди.
Бабыржан Төлбаев: "ЕАЭБге киргенибиз жакшы болду. Кыргыз мамлекетинин дарамети айыл чарба продукциясы, мал чарбасы. Ушул тармакта иш алып баруу зарыл", - деди.
Бабыржан Төлбаев парламенттик системди колдой турганын айтып, бирок коом буга даяр эместигин билдирди.
Курсан Асанов элге ишеним жана үмүт жетпей жатканын белгиледи. "Башкаруунун кандай гана формасы болбосун, тең салмактуулук сакталышы керек. Алардын элдин алдында жоопкерчилиги болушу шарт", - деди ал.
Равшан Жээнбеков: "Жакыр өлкөлөрдүн президенти падышалардай жашоого укугу жок. Биз президенттик бийликти жоюшубуз керек", - дейт.
Жеңишбек Байгуттиев Кыргыз өлкөсүндө парламенттик башкаруу болбогонун белгиледи. Парламенттик системди колдой турганын айтты.
Улукбек Кочкоров 10-январда муну эл чече турганын билдирди.
Алып баруучу тарабынан талапкерлерге кандай башкаруу системин колдой турганы боюнча суроо берилди.
КТРКда президенттикке талапкерлердин теледебаты башталды. Учурда алып баруучулар талапкерлерди тааныштырып жатышат.