Йемендин түштүгүндгү Аден шаарында орун алган жарылуудан каза болгондордун саны 22ге жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жарылуудан каза болгондордун саны 22ге жетсе, 50дөн ашык адам жаракат алган. Жергиликтүү бийлик жарылууну ракеталык чабуул деп аташууда.
Буга чейин, Аден аэропортундагы жарылуу Сауд Арабиясынын министрлери отурган учак аэропортко конгондо жарылуу орун алгандыгы кабарланган. Бирок, кийинчерээк Сауд Арабиясынын эмес, Йемендин жаңы өкмөтүнүн мүчөлөрү келген учурда жарылуу орун алгандыгы белгилүү болду.