"Экинчи жарылуу". Йемендеги министрлер сарайынын жанында дагы жарылуу катталды

Йемендин Аден шаарындагы Маашик аттуу өкмөттүк сарайдын жанында жарылуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, жаңы шайланган министрлер жайгашкан имараттын аймагына ракета же дрон жардырган болушу мүмкүн. Азырынча жабыркагандар же жаракат алгандар тууралуу маалымат жок.

Буга чейин, Йемендин Аден шаарындагы аэропортто жаңы түзүлгөн министрлер отурган учак конгондо, жарылуу орун алгандыгы кабарланган. Бул жарылуудан 22 адам каза болуп, 50дөн ашык адам жаракат алган. Жарылуудан кийин министрлер Маашик аттуу өкмөттүк сарайга жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан