Белгилүү орусиялык "Дом-2" реалити-шоусу мындан ары эфирге чыкпайт. Бул реалити-шоу өзүн-өзү актабай калгандыктан улам жабылып жатканын "Газпром-медиа" холдингинин башкы директору Александр Жаров орусиялык басылмаларга билдирген.
"Дом-2 долбоору15 жаштан ашты. Албетте, башында өтө популярдуу, жана өнүгүүнүн чокусунда болчу. Бирок, акыркы жылдары өз аудиториясын олуттуу жоготуп баштады. Акыркы эки жылда реалити-шоу пайдасыз болуп, өзүн-өзү актабай калды", - деген Жаров.
Ал бул реалити-шоудан баш тартуу каналдын жетекчилигинин чечими болгондугун баса белгилеген.
"Дом-2" реалити-шоусу 2004-жылы старт алган. Ал 16 жылдан бери реалити-шоу программанын катышуучуларынын бири-бири менен урушуп, мушташкандыгы үчүн бир нече жолу айыпталып келген. Орусиянын коомдук ишмерлери жана депутаттары долбоорду үзгүлтүксүз жабууга аракет кылышкан.