Хорватияда 29-декабрда күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө катталып, Петринья шаарындагы бир нече имараттар кыйраган. Мунун кесепетинен 7 адам каза болгон. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө урандыларга басылып калган жарандар изделүүдө.
"Катуу зилзаладан бир катар калктуу конуштарда, анын ичинде өлкөнүн баш калаасы Загреб шаарында бир нече имарат кыйрап, бир канчасынын дубалы жарылды. Европадагы Жер ортолук деңиз сейсмикалык борбору 6,3 баллдык жер титирөө Загребден түштүк чыгышты көздөй 46 чакырым алыстыкта катталганын билдирди. Ошол эле маалда Германиянын изилдөө борбору 6,4 баллдык жер силкинүү 10 чакырым тереңдикте болгонун маалымдады.
Силкинүү очогунан 3 километр аралыкта жайгашкан 20 миңдей калкы бар Петриния шаарында кырсыктан 12 жаштагы кыз көз жумганы кабарланган. Андан сырткары Глина шаарында 5 адам каза болгон. Ошондой эле дагы бир адамдын сөөгү Жажина шаарындагы чиркөөнүн урандысынан табылган. Петриня жана ага коңшулаш жайгашкан Сисак шаарларында жабыркагандар көп экенин жергиликтүү "Тез жардам" кызматынын башчысы билдирген. Анын айтымында, жабыркагандар түрдүү жаракаттарды алып, айрымдарына операция да жасалды", - деп жазылат маалыматта.
Петриния шаарынын мэри шаардагы абал тууралуу айтып жатканда, жердин кайрадан силкингени байкалган.