"Nongfu Spring" бөтөлкөдөгү суу жана "Beijing Wantai Biological Pharmacy Enterprise" вакцина чыгаруу компанияларынын ээси Чжун Шаньшань Азиядагы эң бай адамдардын сап башынан орун алды. Бул жөнүндө чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, Чжун Шаньшань индиялык бизнесмен Мукеш Амбани жана "Alibaba" компаниясынын негиздөөчүсү Жек Маны да артта калтырган. Шаньшандын байлыгы 77 миллиард 800 миллион долларды түзөт. Азыркы кезде кытайлык бизнесмен планетадагы эң бай адамдардын рейтингинде 11-саптан орун алды. Мындан сырткары ал тарыхта тез убакытта байыган адам катары калмакчы.
Анын мындай ийгиликке жетүүсүнө биринчиден, "Nongfu Spring" бөтөлкөдөгү суусундуктарын чыгарганы. Экинчиден, "Beijing Wantai Biological Pharmacy Enterprise" COVID-19га каршы тест жана гепатитке каршы вакцина чыгаруусу себеп болгонун басылмалар жазып чыгышты.
Эске салсак, буга чейин Азиядагы эң бай адамдардын сап башында Жек Ма турган. Бирок анын байлыгы бир суткада 3 миллиард 500 миң долларга төмөндөгөнү буга чейин кабарланган.