2021-жыл чыгыш гороскобу боюнча уй жылы. Элдик ишеним боюнча уй жылы майлуу-сүттүү, берекелүү, тынч өткөн жылдардан болот. Уй жылында эмнелерди жасоого болбойт? бул боюнча Жаңы жылдык ырым-жырымдарды тизмектеп көрдүк.
- Жыл ээси кызыл түстү жаман көргөндүктөн Жаңы жылдык дасторкондун өңү кызыл, кызгылт сары болбошу керек. Ак жана күмүш түстөгү дасторкондорду тандаган жакшы.
- Бул эреже кийимдерге да тиешелүү. Ырым-жырымдарга ишенгендер бир гана Жаңы жылда эмес, жыл ичинде кызыл түстүү кийимдерди көп кийбегенге аракет кылуу керек. Ошондой эле уй жөнөкөйлүктү жакшы көргөндүктөн жасалма таштардан жасалган жасалга буюмдарды тагынуу сунушталбайт
- Дасторконго уй этинен жасалган тамактар коюлбашы керек. Болбосо жыл ээси таарынып калышы ыктымал деген жоромолдор бар.
- 2021-жылды тосуп жатканда бирөөгө таарынып, чыр чыгарып, мамилелерди териштирүү сунушталбайт. Болбосо 12 ай бою уруш-талаш, таарынуунун үстүндө жүрүп калышыңыз ыктымал.
Маалымат орус басма сөз булактарынан алынды.