Казакстандын Актөбө облусундагы шахтада жардыруудан төрт жумушчу каза болуп, дагы бир адам жаракат алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя "Актөбө жез компаниясы" ЖЧКсына таандык жез-цинк рудаларын казуучу "Весенная Аралчинская" шахтасында жардыруу иштери учурунда болгон.
Учурда окуянын себеби иликтенип жатканы жазылат маалыматта.