Орусияда Жаңы жылдык фейерверк атылгандан улам токойдон өрт чыккан. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Сочи токоюна жакын Верхний Юрт айылынын жашоочулары 1-январда түнкү саат 02:10 чамасында Жаңы жылды тосушуп, фейерверк атышкан. Мындан улам өрт чыгып, токойдун 500 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө 36 адам, 11 техника тартылган.