Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин кызматкери президенттик шайлоого катышуу үчүн каттоого турууга барган жарандан “Садыр Жапаровго добуш бересиңби?” деп сурады деген маалымат тараган.
Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты четке какты. Мекеме административдик ресурс колдонууга жана кайсы бир талапкерге үгүт жүргүзүүгө жол берилбей турганын билдирди.
ТИМ элчиликтин имаратында камера жана үн жаздыруучу аппараттар орнотулганын билдирип, мыйзамсыз иштерге күбө болгон Кыргыз жарандарын арыз менен кайрылууга чакырат. Мекеме үгүт учурунда жалган маалымат таратуу чагымга алып келиши мүмкүн экенин, ал үчүн жоопкерчиликке тартыларын эскертет.