Япониянын эң узак өмүр сүргөн кары адамы бүгүн, 2-январда 118 жашка чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Япониянын эң кары адамы аталган Кейн Танака коронавирус пандемиясына байланыштуу дээрлик өзүнүн жакындары менен жолукпайт. Ал туулган күнүн карыялар үйүнүн кызматкерлери менен өткөргөн.
"Кейн Танака 2020-жылдын сентябрь айында Япониянын тарыхындагы эң кары узак жашаган адамы аталган. Ал 1903-жылы 2-январда туулган. Танака жолдошу менен өзүнүн 4 баласы жана бир баланы асырап чоңойтушкан. Танака узак жашоонун сыры үй-бүлө, үмүт, ден соолук үчүн туура уктоо жана туура тамактануу деп эсептейт. Ал 115 жашында карыялар үйүнө көчүп барган", - деп жазылат маалыматта.
Танаканын 60 жаштагы небересинин айтымында, анын ден соолугу чың жана жашоодон ырахат алып жашайт.