Улуу Британияда 8 жыл мурун жоголгон ит ээсине кайтарылды

Улуу Британияда сегиз жыл мурун жоголгон ши-тцу породасына кирген ит ээсине кайтып келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Улуу Британиянын 35 жаштагы Магдалена Клубчук аттуу жашоочусу "рокси" деп чакырган итин 2013-жылы жоготуп алган. Аны издеп, таба албагандыктан уурдалды же өлүп калды деп ойлогон. Жоголгон жаныбар 31-декабрь - Жаңы жыл күнү жаныбарларды куткаруучу кызматы тарабынан ээсине жеткирилген. Куткаруучулар иттин ээсин анын моюнуна тагылган микрочип аркылуу табышкан.

Белгилей кетсек, ши-тцу - иттердин эң байыркы породаларынын бири эсептелет. Түпкү теги Кытайдан келип чыгып, "арстандын күчүгү" деген маанини түшүндүрөт. Ши-тцу иттеринин бою 28 сантиметрге чейин болуп, эң узак 16 жыл жашашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2021-01-02 19:34:22
Ай кандек бактың бар экенда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан