Орусияда дарыгерлер кыздын ашказанынан 300 грамм чач алып чыгышты

Орусиянын Киров облусунда дарыгерлер 16 жаштагы кыздын ашказанынан 300 грамм салмактагы чач алып чыгышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

16 жаштагы Екатерина Борнякова ооруканага ичи ооруп кайрылган. Дарыгерлер анын ашказанынан шишикти көрүшкөн. Ашказанга операция жасалганда узундугу 10-15 сантиметрди түзгөн 300 грамм салмактагы топтолгон чачты алып чыгышкан.

"Борняковада сейрек кездешүүчү трихобезоар оорусу бар экен. Бул оору көбүнчө өспүрүм кыздарда кездешет. Алар көбүнчө чач, тырмактарын жей башташат. Убакыттын өтүшү менен ич ооруп, жүрөк айланып кусуп баштайт", - деп билдирген дарыгер Эдуард Сырчин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан