Индияда маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында 18 адам каза болду

Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы Мураднагар шаарында маркумду акыркы сапарга узатууда имараттын чатыры урап 18 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кырсыктан 18 адам каза болсо, 38 адам куткарылды. Полиция жана өзгөчө кырдаалдар кызматынын кызматкерлери урандынын алдынан адамдарды издөө иштерин дагы да улантып жатат. Ал эми жабырлануучулар ооруканага жеткирилген.

Окуяга байланыштуу Индиянын президенти менен премьер-министри каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Уттар-Прадеш штатынын башкы министри Йоги Адитянат каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 200 миң рупий (225 миң 450 сом) өлчөмүндө материалдык жардам берилерин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан