Түркияда Украинанын жаранынын жансыз денеси кишенделген абалда табылды

Түркиянын Бодрум шаарындагы виллалардын биринде Украинанын 25 жаштагы жаранынын жансыз денеси колу кишенделип, отургучка отурган абалда табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Украиналык кыз ижарага алган вилласында жашап жүргөн. Анын жансыз денеси каза болгондон бир нече күн өткөндөн кийин табылган.

"Учурда суицид аялдардын өлүмүнүн негизги себеби болууда. Кыз жашаган вилланын үч эшиги тең ичинен кулпуланган. Ал эми үйдүн терезелерине темир тор орнотулган. Ал жерден сырттан адам кирүүгө мүмкүн эмес. Мындан тышкары, окуя болгон жерден маркумдун өз жанын кыюуга аракет жасаганга шектелген бир нече издер табылды", - деп түшүндүргөн полиция.

Каза болгон жарандын апасынын айтымында, кызы көптөн бери катуу баш оорусунан жабыркап келген. Ал Украинага дарылануу үчүн көптөн бери барбай жүргөнүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан